26 Октябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.49 EUR 98.06 RUB 1.08 KZT 0.1933
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстанда КРИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өстү Пенсия курагындагы кызматкерлерди иштен алуу үчүн Эмгек кодекси өзгөртүлөбү? Токтогул районунда соңку жылдары кандай өзгөрүүлөр болду? Президент отчет менен таанышты Борбор калаанын бирдиктүү дизайн-кодуна ылайык фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынды Кыргызстанда биринчи жолу «Кыргызстан аялдары этно-тарыхый энциклопедиясы» жарык көрөт Кыргызстанда КРИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өстү Пенсия курагындагы кызматкерлерди иштен алуу үчүн Эмгек кодекси өзгөртүлөбү? Токтогул районунда соңку жылдары кандай өзгөрүүлөр болду? Президент отчет менен таанышты Борбор калаанын бирдиктүү дизайн-кодуна ылайык фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынды Кыргызстанда биринчи жолу «Кыргызстан аялдары этно-тарыхый энциклопедиясы» жарык көрөт
Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү «Ала-Арчадабы?" Сөөк издөөгө уруксат сурашууда

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү «Ала-Арчадабы?" Сөөк издөөгө уруксат сурашууда

• 1 мүнөт окуу • 89 көрүү

Zobolo — Тарыхчы Кыяс Молдокасымов президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү жашырылган жерди казуу иштерин уюштурууга көмөктөшүүнү суранды.

Анын айтымында, сөөк коюлган ыктымалдуу тилке аныкталды, бирок издөө иштерин баштоо үчүн мамлекеттик органдардын уруксааты керек. Молдокасымов буга чейин Жусуп Абдрахманов менен Иманалы Айдарбековдун гана сөөктөрү табылып, «Ата-Бейитке» коюлганын эскертти. Калган үч ишмердин кайда жашырылганы ушул күнгө чейин белгисиз.

Тарыхчынын маалыматы боюнча, 1938-жылдын май айында Абдыкадыр Орозбеков репрессиянын башка курмандыктары менен бирге «Ала-Арча» көрүстөнүнө жашыруун көмүлгөн.

Сурамжылоолорду жүргүзүп, анын сөөгү жашырылган болжолдуу жерди аныктадык. Эми тактоо үчүн адистер менен биргеликте казуу иштерин жүргүзүү калууда, — деди ал.

Тарыхчы буга чейин да бийликке кайрылып, эки жылдан бери жооп албаганын белгилеп, президенттен тиешелүү тапшырмаларды тапшырууну өтүндү.

Айта кетсек, Абдыкадыр Орозбеков 1925–1937-жылдары жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы камакта каза болгон, ал эми 1956-жылы акталган. 2024-жылы заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири катары расмий таанылган.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар