Кыргызстанда биринчи жолу «Кыргызстан аялдары этно-тарыхый энциклопедиясы» жарык көрөт
Zobolo — Адамзат тарыхы жаралгандан бери өмүрдүн башаты, тукумдун уңгусу жана элдин руханий тиреги болуп келген аялзатынын ролу коомдо ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келет. Кыргыз элинин тарыхын аялзатынын эрдигин, акылмандыгын жана кайратмандыгын эскербей туруп толук элестетүү мүмкүн эмес.
Каныкейдей даанышмандыктын, Жаңыл Мырзадай эр жүрөктүүлүктүн, Курманжан Даткадай эл тагдырын көтөргөн саясий зиректиктин жана Зууракан Кайназаровадай мээнеткечтиктин үлгүсүн көрсөткөн кыргыз аялзаты — улуттун намысынын жана бийиктигинин символу. Аялдын улуулугу анын назиктигинде гана эмес, кыйынчылыкка сынбаган кайратында, элине болгон ак кызматында жана улуттук наркты сактаган руханий күчүндө.
Мына ушундай улуу мурасты келечек муундарга жеткирүү максатында, Кыргызстанда биринчи жолу «Кыргызстан аялдары этно-тарыхый энциклопедиясы» жарык көрөт. Бул болуп көрбөгөндөй тарыхый китепке өлкөнүн өнүгүшүнө жана коомдук жашоого зор салым кошуп келген бардык ардактуу аялзаты киргизилмекчи.
Элге эмгеги сиңген урматтуу аялзаттарыбыз!
Тарыхыбызга өз изиңизди калтыруу максатында «Кыргызстан аялдары этно-тарыхый энциклопедиясына» өзүңүздөрдү, жакындарыңызды жана татыктуу инсандарды сунуштоого чакырабыз.
Байланыш номерлери:
0709 17 87 81 — Самара
0505 68 50 58 — Айдос
0507 15 63 99 — Нурзат
0707 50 52 57 — Айчүрөк
Келиңиздер, тарыхты бирге жаратып, этно-тарыхый энциклопедияга өз салымыбызды кошолу!
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү