Өнөр кошкон өрнөктүү кече: Жумгалда «Соң-Көл ханышасы» аныкталды
Zobolo — Жумгал районунда айымдардын талантын, өнөрүн жана чыгармачылык дараметин даңазалаган «Соң-Көл ханышасы» сынагы жыйынтыкталды. Сынакка катышкан сегиз айым өздөрүнүн өнөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
- Гран-при — Сагындыкова Жылдыз Талантбековна;
- 1-орун — Турдубек кызы Наргиза;
- 2-орун — Көлмөбекова Айгерим Көлмөбековна;
- 3-орун — Бекташова Айжанат.
Иш-чарага Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын (акимдин) орун басары Жолдошова Гүлзат Ишенбековна да катышты.
Сынак «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынын ээси, маркум Сапаралиева Айнаш Нурдиновнанын жаркын элесине арналды. Анын уул-кыздары иш-чарага демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп, сынактын уюштурулушуна өз салымдарын кошушту. Катышуучулардын бардыгына белектер тапшырылып, алардын аракети жана өнөрү бааланды.
Маданиятты өнүктүрүүгө жана айымдардын чыгармачылыгын колдоого багытталган мындай иш-чаралардын уюштурулушу өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Ысыранов Токтобек Баркалбасовичтин жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жолдошова Гүлзат Ишенбековнанын демилгелерди колдоого, маданий иш-чаралардын үзгүлтүксүз уюштурулушуна кошкон салымын белгилеп кетүүгө болот. Мындай иш-чаралар жергиликтүү таланттарды таанытууга, маданий мурастарды сактоого жана коомдук турмушту жандандырууга өбөлгө түзөт.
«Соң-Көл ханышасы» сынагы катышуучулардын өнөрүн көрсөтүү менен бирге, айымдардын коомдогу ордун даңазалап, маданиятка жана чыгармачылыкка болгон кызыгууну арттырган иш-чаралардын бири болду.
Сынактын баардык катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз! Өнөрүңүздөр өркүндөп, ийгиликтериңиздер арта берсин!
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү