Кыргыз опера искусствосунун легендасы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды
Zobolo — Бүгүн, 22-октябрда кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошуу аземи Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында башталып, андан соң театрдын алдындагы аянтта уланды. Зыйнатка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери, жакындары жана мекендештер катышып, залкар таланттын жаркын элесине таазим кылышты.
Аза күтүү аземинде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры, кесиптеши Муратбек Бегалиев жана маркумдун иниси Касымбек Бакиров сөз сүйлөп, анын кыргыз маданиятына кошкон зор салымын белгилешти.
Маркумдун сөөгү мамлекеттик «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Кайыргүл Сартбаева чыгармачылык өмүрүндө 50дөн ашуун опералык партияны аткарып, Айчүрөк, Аида, Каныкей, Калыйман, Татьяна, Мадам Баттерфляй жана Дездемона сыяктуу дүйнөлүк жана улуттук опера искусствосундагы көрүнүктүү образдарды жараткан. Анын өнөрү Кыргызстандын чегинен тышкары да жогору бааланып, улуттук искусствону эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошкон. Ырчынын аткаруусундагы 600дөн ашуун жазма УТРКнын алтын фондуна жана КМШ өлкөлөрүнүн телерадиофонддоруна киргизилген.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү