Садыр Жапаров Кытайдагы жер титирөөгө байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты
Zobolo — Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин дарегине Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда катталган зилзала адамдардын өмүрүн алганына байланыштуу көңүл айтуу катын жолдоду.
Президенттин кайрылуусунда төмөнкүдөй сөздөр камтылган:
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.
Маалыматка ылайык, 22-октябрга караган түнү Нагчу шаардык округунун Бачен уездинде 7,1 магнитудалуу жер титирөө катталган. Кырсыктын кесепетинен 16 киши каза таап, 76 тургун жаракат алды. Ошондой эле 330 турак жай кыйрап же ар кандай деңгээлде зыянга учурады.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү