Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат
Zobolo — Борбор калаада жылытуу сезону ушул жылдын 28-октябрынан баштап расмий түрдө кирет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Мэриянын маалыматына ылайык, бул чечим аба ырайы кескин сууктап, калк тарабынан электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн кабыл алынды.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев мыйзам ченемдүү талаптарга токтолуп, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда гана жылуулук бериле баштаарын эске салды.
Соңку беш күндө, анын ичинде эртеңки күндү да эсептегенде, абанын орточо температурасы 6,5 градусту түзүүдө. Ошондуктан 28-октябрдан тарта жылуулук беребиз, — деди калаа башчысы.
Ошондой эле ал жакынкы күндөрү абанын температурасы кайрадан жогорулап кеткен күндө дагы жылуулук берүү токтотулбай турганын кошумчалады.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү