Бишкекте 4,5 миллион сомдук баңгизат менен 28 жаштагы жаран кармалды
Zobolo — Борбор калаада ири өлчөмдөгү психотроптук каражаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген 28 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн посылканы кабыл алып жаткан жеринен кармалган. Аны тинтүү учурунда посылкадагы аба тазалагычтын ичинен жалпы салмагы 1 килограмм 64 граммды түзгөн психотроптук зат табылган.
ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган жаран төрт айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайларга («закладка») бекитип кетүү менен алектенип келген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, табылган препараттар кара базарда сатылганда баасы 4,5 миллион сомду түзмөк.
Бул кылмыштын бетин ачуу жана кармоо операциясы КР ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Россиянын ИИМинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы жана Федералдык бажы кызматы менен биргеликте ишке ашырылды.
Учурда интернет-дүкөн аркылуу иш жүргүзгөн бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-аракеттери улантылууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү