«Видеодогу сенсиңби?» Алдамчылар жаңы ыкмага өтүштү
Zobolo — Ички иштер министрлиги Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу зыяндуу файлдардын таралышы боюнча калкка эскертүү таратты.
Маалыматка ылайык, кибершылуундар жарандарга «Сүрөттөгү сенсиңби?» же «Карачы, видеодогу сенсиңби?» деген сыяктуу шектүү билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. Аларга ар кандай зыяндуу файлдар тиркелип, эгер колдонуучу аларды жүктөп алып орнотуп алса, телефонуна зыяндуу тиркемелер кирип кетиши мүмкүн.
Милиция жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:
-
Шектүү APK-файлдарды түзмөккө орнотпоого;
-
Күмөндүү шилтемелерге өтпөөгө жана белгисиз тиркемелерди ачпоого;
-
Билдирүү тааныш же жакын адамыңыздан келген күндө да, анын чын-төгүнүн башка байланыш каналдары аркылуу кайра тактап алууга;
-
Жеке аккаунттардын коопсуздугун күчөтүү үчүн эки баскычтуу текшерүүнү (двухэтапная аутентификация) орнотууга.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү