24 Октябрь Бишкек +2°
Курстар USD 87.49 -0,01% EUR 98.00 -0,16% RUB 1.08 +0,26% KZT 0.1946 -0,20%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте Lexus унаасы мотоскутерди сүзүп, өспүрүм каза тапты

Бишкекте Lexus унаасы мотоскутерди сүзүп, өспүрүм каза тапты

• 1 мүнөт окуу • 21 көрүү

Zobolo — Баш калаада 24-октябрга караган түнү адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Окуя саат 01:50 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Шаардык милициянын бизге берген маалыматы боюнча, 25 жаштагы Э.А. аттуу айдоочу Lexus LX 570 унаасы менен кызыл жарыкка өтүп кетип, мотоскутерди сүзгөн. Натыйжада мотоскутер токтоп турган башка унаага урулуп, аны айдап бараткан өспүрүм ошол жерден көз жумган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Lexus унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар