Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында автопробегдер жана түшүндүрүү иштери башталды
Zobolo — Өлкө ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган автопробегдер жана түшүндүрүү жолугушуулары башталды. Иш-чаралар өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Ылдамдык — сенин өмүрүң!» урааны астындагы акциянын алкагында тез медициналык жардам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана өрт өчүрүү кызматынын атайын унааларынын катышуусунда үгүт автопробеги уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын өкүлдөрү жол кырсыктарынын негизги себептери жана кесепеттери тууралуу айтып беришип, жарандарды, анын ичинде мектеп окуучуларын жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана жолдордо этият болууга чакырышууда.
Ошондой эле жол коопсуздугу боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, суроо-жооп форматында жолугушуулар өткөрүлүүдө жана маалыматтык буклеттер таратылууда. Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун тобу өздөрүнүн көндүмдөрүн көрсөтүп, жол коопсуздугунун эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн визуалдуу түрдө чагылдырышууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды жол эрежелерин так сактоого жана өзүңүздүн жана айланаңыздагылардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү