Бишкектин курулуш эрежелерин россиялык институт иштеп чыгат
Zobolo — Россиянын "Перспективдүү шаар куруу илимий-изилдөө институту" Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле шаарды деталдуу пландаштыруу долбоорлорун (ДПП) түзүү менен алектенет.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ эки жыл бою күчүндө болот.
Бул токтомго ылайык:
-
Бишкек мэриясына аталган россиялык мекеме менен тиешелүү келишим түзүү жана документтерди иштеп чыгууга байланыштуу башка зарыл чараларды көрүү сунушталды.
-
Курулуш министрлигине бул иштерди жүзөгө ашырууда мэрияга ар тараптуу көмөк көрсөтүү, анын ичинде долбоорлоо тапшырмасын даярдоого жардам берүү милдети жүктөлдү.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Марлен Маматалиев Жапонияга жасаган сапары учурунда Киотонун губернатору менен жолугушту
Zobolo
96
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү