Марлен Маматалиев Жапонияга жасаган сапары учурунда Киотонун губернатору менен жолугушту
Zobolo — Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий сапар менен Жапонияда жүрөт. Сапардын алкагында ал Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга депутаттар Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Мирлан Жеенчороев, Жаныбек Аматов, Эрулан Кокулов, Бурул Аманова жана Максат Алымбеков да катышты.
Төрага Жапония Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеп, келээрки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 35 жыл толо турганын эске салды. Өз кезегинде Киото губернатору Кыргызстан менен аймактар аралык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Расмий сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана тарыхый Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү