26 Октябрь Бишкек +5°
Курстар USD 87.49 EUR 98.06 RUB 1.08 KZT 0.1933
Соңку билдирүүлөр
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын отставкасы талап кылынууда

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын отставкасы талап кылынууда

• 2 мүнөт окуу • 520 көрүү

Zobolo — Соцтармактарда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын отставкасын талап кылган билдирүүлөр көбөйүп, кызуу талкуу жаратууда. Коомчулуктун нааразычылыгын туудурган негизги факторлор жана фактылар төмөнкүлөр:

Окуу китептеринин кечигиши жана жетишсиздиги

Жаңы окуу жылы башталгандан бери мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги катуу сынга кабылып, бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. 

Расмий маалыматтар боюнча, жетиштүү тираждар пландалып, басылып чыкканы менен окуу жылынын башында китептердин басымдуу бөлүгү мектептерге жетпей, базар жана китеп дүкөндөрдө кандайдыр бир жол менен сатылып кеткен.

Айрым мектептерде окуучуларга китептер толук берилбей, ата-энелерге барактарды өз алдынча көчүрүп же сатып алууга туура келген. Атүгүл, эски үлгүдөгү (союз мезгилиндеги же эски жылдардагы) китептер таратылган учурлар катталган.

12 жылдык билим берүүгө өтүү жана даярдыктын чабалдыгы  

12 жылдык окутуу форматына өтүү ушул күнгө чейин кызуу талкууланып келет.
Ата-энелер да, мугалимдер да жаңы окуу программаларына, методикалык колдонмолорго жана инфраструктуралык шарттарга толук даяр эмес экенин айтып келишет.

Санариптештирүү жана менеджменттеги олдоксондук

Буга чейин президент Садыр Жапаров Базар-Коргондо өткөн кеңешмеде Агартуу министрлигинин ишмердүүлүгүн, өзгөчө санариптештирүү багытындагы аксоолорду катуу сынга алган.

Кеңешмеде мектептин мурдагы директору адилетсиздикке кабылганын айтып даттанган. Бирок укук коргоо органдары ал мектепте жүргөндө билими жок жана мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын, ошондой эле Россияда жүргөн адамдарды штатка киргизип, аларга айлык эсептеп келгенин айтышкан.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы министрликтин контролсуздугун жана кагаз жүзүндө иштөө салттарынан арыла электигин сынга алган болчу.

"Силер санариптештирүүдө дээрлик нөл экенсиңер. Дагы эле илгеркидей кагаз менен иштейт экенсиңер. Кайсы районго, кайсы мектепке канча китеп кеткенин да билбейсиңер. Министр азыр иш сапарда жүрөт. Республикалык кеңешмеде ага катуу сөгүш берейин дегем. Эгер толук санариптештирүү болгондо, мындай мыйзам бузууларга жол берилмек эмес", — деген Садыр Жапаров.

Муну менен катар президент окуу китептерин бөлүштүрүүдө да көзөмөл болбогонун баса белгилеп, Нарын облусуна жөнөтүлгөн 15 миң китептин 3 миңи гана мектептерге таратылып, калган 10 миңи кампада чаң басып жатканын мисал келтирген.

Кадрдык саясат жана социалдык маселелер

Мугалимдердин мойнуна жүктөлгөн оор жумуш, кагаз иштеринин азайбай жатканы жана пенсия курагындагылар ордун жаш адистерге бошотпой жатканы министрдин шалаакылыгы жана чечкинсиздиги менен бааланды. Ал эми соцтармактарда "Министр бул багытта кескин чечимдерди кабыл ала албай жатат" деген өңдүү пикирлер кескин көбөйдү.

Белгилей кетсек, билим берүү тармагы мамлекеттин келечегин аныктоочу эң стратегикалык тармак. Ошондуктан, китеп тапшыруудагы кемчиликтер, реформаларды жүргүзүүдөгү маалыматтык боштуктар жана ата-энелерге түшкөн финансылык оорчулуктар билим жаатындагы ырбап турган жараны ого бетер козгоду. Саясий серепчилердин айтымында, бул көйгөйлөрдү шашылыш чечпесе, нааразычылыктар дагы күчөшү мүмкүн.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар