26 Октябрь Бишкек +5°
Курстар USD 87.49 EUR 98.06 RUB 1.08 KZT 0.1933
Соңку билдирүүлөр
Венгрияда Алыкул Осмоновдун китеби мажар тилинде жарык көрдү

Венгрияда Алыкул Осмоновдун китеби мажар тилинде жарык көрдү

• 1 мүнөт окуу • 63 көрүү

Zobolo — Венгрия Республикасындагы Лаки-Телек улуттук академиясында кыргыз элинин улуттук маданиятын жана руханий мурасын даңазалаган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан академияга кыргыз боз үйү белекке берилип, залкар акын Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» китебинин мажар тилиндеги басылышынын бет ачары болду.

Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Элдар Абдылдаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз боз үйүнүн белекке берилиши эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам экени белгиленди. Ошондой эле Алыкул Осмоновдун китебинин мажар тилинде жарык көрүшү кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөт.

Салтанат «Манас» театрынын манасчыларынын жана төкмө акындарынын концерттик программасы менен коштолуп, кыргыздын бай фольклору тартууланды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар