Күрөөнү онлайн чечүү жана студенттерге жеңилдиктер каралды
Zobolo — Кыргызстанда жарандарга насыясы толук төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн режиминде алып салуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жарандар насыясын жапкандан кийин күрөөнү чыгаруу үчүн алгач банкка, андан соң Жер агенттигине барып, кагаз түрүндөгү документтерди топтоп тапшырууга мажбур болушкан. Бул процесс бир-эки күнгө чейин созулуп кетчү.
Эми мунун баарын «Түндүк» тиркемеси аркылуу эле жасоого болот. Мурункудай күндөп созулган түйшүктүү жумушту эми болгону беш сааттын ичинде бүтүрүүгө шарт түзүлгөнү кошумчаланды.
Мындан тышкары, Өкмөт документ ырастоо процедурасын жөнөкөйлөтүүчү дагы бир маанилүү реформа тууралуу маалымдады. Ага ылайык, студент кезинде багуучусунан ажыраган жаштар мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду узартуу үчүн мурдагыдай жыл сайын окуган жеринен маалымкат алып келип тапшырууга милдеттүү эмес. Эми жарандын студент экени маалыматтык системалар аркылуу 1-2 мүнөттүн ичинде текшерилет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү