23 Октябрь Бишкек +7°
Курстар USD 87.50 -0,03% EUR 98.15 -0,17% RUB 1.07 +0,56% KZT 0.1950 -0,07%
Соңку билдирүүлөр
Догдуркүл Кендирбаева иштей албай жатабы? Президент катуу сындады

Догдуркүл Кендирбаева иштей албай жатабы? Президент катуу сындады

• 1 мүнөт окуу • 10 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров Базар-Коргондо өткөн кеңешмеде Агартуу министрлигинин ишмердүүлүгүн, өзгөчө санариптештирүү багытындагы аксоолорду катуу сынга алды.

Кеңешмеде мектептин мурдагы директору адилетсиздикке кабылганын айтып даттанган. Бирок укук коргоо органдары ал мектепте жүргөндө билими жок жана мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын, ошондой эле Россияда жүргөн адамдарды штатка киргизип, аларга айлык эсептеп келгенин ашкерелешти.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы министрликтин контролсуздугун жана кагаз жүзүндө иштөө салттарынан арыла электигин сынга алды.

"Силер санариптештирүүдө дээрлик нөл экенсиңер. Дагы эле илгеркидей кагаз менен иштейт экенсиңер. Кайсы районго, кайсы мектепке канча китеп кеткенин да билбейсиңер. Министр азыр иш сапарда жүрөт. Республикалык кеңешмеде ага катуу сөгүш берейин дегем. Эгер толук санариптештирүү болгондо, мындай мыйзам бузууларга жол берилмек эмес", — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент окуу китептерин бөлүштүрүүдө да көзөмөл жогун баса белгиледи. Мисалы, Нарын облусуна жөнөтүлгөн 15 миң китептин 3 миңи гана мектептерге таратылып, калган 10 миңи кампада чаң басып жатканын мисал келтирди.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар