23 Октябрь Бишкек +7°
Курстар USD 87.50 -0,03% EUR 98.15 -0,17% RUB 1.07 +0,56% KZT 0.1950 -0,07%
Соңку билдирүүлөр
Фотогалерея · 3 Жогорку Кенештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация Японияга расмий визит менен барды

Жогорку Кенештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация Японияга расмий визит менен барды

• 2 мүнөт окуу • 11 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Японияга жасаган расмий визитинин алкагында Токио шаарында Япония Парламентинин Өкүлөр палатасынын Төрагасы Эйсукэ Мори менен жолугушту.

Бул сапарга Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров, Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Бурул Аманова, Жаныбек Аматов, Мирлан Жээнчороев, Максат Алымбеков жана Эрулан Кокуловтар да катышууда.

Жолугушуунун негизги темалары:

  • Парламенттер аралык байланыш: Тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгилешти. Төрага Марлен Маматалиев 2025-жылдын декабрь айында Президент Садыр Жапаровдун Японияга жасалган расмий визит жана «Борбордук Азия + Япония» саммити эки тараптуу мамилелерге жаңы дем бергенин баса белгиледи.

  • Биргелешкен долбоорлор: Марлен Маматалиев Япония өкмөтүнө жана JICA агенттигине жол инфраструктурасы, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана кадр даярдоо багытындагы колдоолору үчүн терең ыраазычылык билдирди. Өзгөчө билим берүү тармагындагы JDS программасынын 20 жылдыгы жана «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун жергиликтүү өндүрүшкө кошкон салымы чоң экени айтылды.

  • Санариптештирүү жана тажрыйба алмашуу: Торага Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү реформаларына токтолуп, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча япон тарап менен тажрыйба алмашууну сунуштады.

Өз кезегинде Япония Парламентинин Өкүлөр палатасынын Төрагасы Эйсукэ Мори депутаттык достук топторунун ортосундагы байланышты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, мыйзам чыгаруу тармагында тажрыйба алмашууну активдештирүү зарылдыгын кошумчалады. Жолугушуунун соңунда Эйсукэ Мори кыргызстандык парламенттик делегацияга Өкүлөр палатасынын ишмердүүлүгүн көрсөтүп, жыйындар залдарын тааныштырды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар