23 Октябрь Бишкек +7°
Курстар USD 87.50 -0,03% EUR 98.15 -0,17% RUB 1.07 +0,56% KZT 0.1950 -0,07%
Соңку билдирүүлөр
Министр Жээнбек Кулубаев Грузиялык кесиптешин Кыргызстанга чакырды

Министр Жээнбек Кулубаев Грузиялык кесиптешин Кыргызстанга чакырды

• 1 мүнөт окуу • 14 көрүү

Zobolo — Кечээ, 22-октябрда Батуми шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштар жана туризм тармагын өнүктүрүү маселелери катуу талкууланды.

Тараптар буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын маанилүүлүгүн белгилеп, алдыдагы пландарга токтолушту. Атап айтканда, Грузиянын Парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвилинин Кыргызстанга келе турган сапары эки өлкөнүн парламенттери аралык кызматташтыгына чоң түрткү берээри күтүлүүдө. Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев кесиптешин 2027-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар