27 Октябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.48 -0,01% EUR 97.86 -0,21% RUB 1.08 -0,15% KZT 0.1938 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Президенттик жарыш: Азамат Эсенбеков кайрадан ат салышат, ал бул ирет аягына чейин барабы?

Президенттик жарыш: Азамат Эсенбеков кайрадан ат салышат, ал бул ирет аягына чейин барабы?

• 1 мүнөт окуу • 85 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 27-октябрда Эсенбеков Азамат Эсенбекович КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин койгондугу тууралуу арыз менен кайрылды. Бул маалыматты Боршайкомдон тастыкташты.

Азамат Эсенбеков 1984-жылдын 4-июнунда төрөлгөн. 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган, 2014-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын (Москва) «дүйнөлүк экономика» багыты боюнча бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ. Московский районунун акими болгон жана «Альфа Телеком» ЖАКта фискализация боюнча адис болуп иштеген.

2020-жылы да Эсенбеков шайлоого катышуу тууралуу арыз менен кайрылган. Бирок 2020-жылдын 3-декабрында өз талапкерлигин кайтарып алуу боюнча арыз берген. Бул жолу чындап катышабы же пиарбы аны убакыт көрсөтөт.

Эске сала кетсек, КР президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин уланат. Шайлоонун өзү 2027-жылдын 27-январына дайындалган. Буга чейин БШК Аймен Касеновдун документтерин кабыл алган эле.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар