Абайлаңыз, вирустар! Өлкөдө ОРВИ күч алууда, негизги сокку балдарга тийүүдө
Zobolo — Кыргызстанда соңку апталарда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) катталып, көрсөткүч жогорулоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер жана миграция боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, 43-аппада (19–25-октябрь) катталган учурлардын өсүшү 42-аппага салыштырмалуу 15,7 пайызды түзгөн. Оорунун андан ары жайылышын болтурбоо максатында күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) болжолуна ылайык, бул жолу А (H1N1) жана В (H1N3) грипп түрлөрүнүн кайтып келүү кооптуулугу бар.
«ОРВИнин учурлары жыл сайын катталат, бирок суук түшкөн маалда алардын саны кескин көбөйөт. Ошондуктан биз 1-октябрдан тартып тиешелүү алдын алуу иш-чараларын күчөттүк», — деди министрдин орун басары.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жана статистика
Өткөн аптада лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү вирустар аныкталган:
-
Риновирус – 46,4%
-
Сезондук коронавирус – 10,7%
-
Аденовирус – 10,7%
-
Бокавирус – 7,1%
-
Парагрипп (I жана III түрлөрү) – 20,4%
Ооругандардын басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда, 68,5 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт:
-
4 жашка чейинкилер – 4 171 учур;
-
5–14 жаштагылар – 2 513 учур;
-
15–29 жаштагылар – 1 598 учур;
-
30–64 жаштагылар – 1 141 учур.
Көбүрөөк ооругандар калкынын саны 1 миллиондон ашкан аймактарга туура келет: Бишкек шаары – 3 454 учур, Чүй облусу – 1 514, Баткен облусу – 1 168 жана Нарын облусу – 593 учур.
Мектептердеги абал жана болжолдор
Ишенапысованын маалыматы боюнча, 9–26-октябрь күндөрү республикадагы мектептердин 75 пайызы текшерилген. Орточо эсеп менен сабакка келбеген окуучулардын саны 3–4 пайызын, ал эми бала бакчаларга барбагандардын саны 6–7 пайызын түзгөн.
42–43-апталардын жыйынтыгы боюнча жасалган болжолдорго караганда, оорунун чукул күчөгөн учуру (пик) ноябрь айына туура келет:
-
Бишкек шаарында – 16 миңден ашык адам ооруйт деп күтүлүүдө;
-
Ош шаарында – 6 940;
-
Чүй облусунда – 6 223.
Аэропорттордо санитардык-карантиндик чаралар күчөтүлүп, атайын 8 заманбап тепловизор бөлүп берилди.
Ден соолукту сактоо боюнча сунуштар
Министрлик оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда өз алдынча дарыланбай же стационарларга барбай, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна (поликлиникаларга) кайрылууну сунуштады.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү