Жапон компаниялары Кыргызстандан сурьма менен кремнийди сатып алуу маселесин көтөрүштү
Zobolo — Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Японияга жасаган сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, тоо-кен, энергетика, логистика жана IT тармактарындагы кызматташтыкты талкуулады.
Жолугушууда жапон тарап Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма жана кремний сырьёлорун сатып алууга чоң кызыгуу көрсөттү. Тараптар ошондой эле JKII компаниясы менен түзүлө турган меморандумга кол коюу процессин тездетүү маселесин карашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачуу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу сунушталды.
Маматалиев бизнес-форумдун жыйынтыгында энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо жана санариптештирүү багыттары боюнча 20дан ашык документ кабыл алынганын эске салып, аларды практикалык иштерге айландыруу керектигин баса белгиледи.
Өкмөт чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык шарттарды түзүп, жергиликтүү ишкерлер менен бирдей салыктык жеңилдиктерди берүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБ рыногуна чыгууга коопсуз жана ыңгайлуу жайгашуусу жапон инвесторлору үчүн чоң артыкчылык экени айтылды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү