27 Октябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.48 -0,01% EUR 97.86 -0,21% RUB 1.08 -0,15% KZT 0.1938 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Баткенден Бишкекке жөө аттанган Батма Жолболдуеваны президент кабыл алды

Баткенден Бишкекке жөө аттанган Батма Жолболдуеваны президент кабыл алды

• 1 мүнөт окуу • 79 көрүү

Zobolo — Баткен облусунан борбор калаага чейин жөө жүрүш баштап, өлкө башчы жеке маселесин чечип берүүсүн талап кылган активистка Батма Жолболдуеваны бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Жолдубаева Баткен облусунан борбор калаага карай жөө жолго чыкканы кабарланган. Жолдо бара жатканда облустук администрациянын өкүлдөрү жолугуп, маселени мыйзамдуу жол менен чечүү жолдорун түшүндүрүп, жөө жүрүшүн токтотууну суранышканы менен Жолболдуева буга макул болбой, сапарын уланта берген. Президенттик администрация Баткен облусунун тургундары менен боло турган жолугушуулардын план-чараларын иштеп чыгып, натыйжада бүгүн анын президент менен жеке жолугушуусу уюштурулду.

Айта кетсек, Батма Жолболдуева буга чейин декабрь айында укук коргоо органдарынын аракетсиздигине жана кабылган оор жагдайларга байланыштуу даттанып келген. Аймактык бийлик өкүлдөрү анын маселеси негизинен укук коргоо органдарынын компетенциясына кирерин билдирип келишкен.

Бүгүнкү президенттин кабыл алуусунда анын көйгөйү талкууланып, тиешелүү чечимдер каралууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар