Ири жаңжалдарга камылга: АКШ аскерлери жапырт убактылуу мүрзөлөрдү даярдоо ыкмаларын сынап жатат
Zobolo — АКШнын кургактагы аскерлери кокус ири масштабдуу аскердик жаңжалдар чыгып калса, убактылуу мүрзөлөрдү казуу ыкмаларын өздөштүрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Билдирмеге ылайык, аскерлер согуш талаасында курман болгон жоокерлерди жерге берүү сыяктуу оор жагдайларга даярданууда. Машыгуу учурунда сөөктөрдү кийинчерээк аныктоо жана согуш аяктагандан кийин туугандарына өткөрүп берүү максатында убактылуу көмүү иштери канчалык тез жүргүзүлөрүн текшеришүүдө.
Түндүк Каролина штатында өткөн машыгууларга аскердик инженерлер, медиктер, дин кызматкерлери жана башка адистер катышып, ири көлөмдөгү убактылуу мүрзөлөрдү даярдоо процессин ишке аштырышты.
Бул операцияда атайын техникалар, анын ичинде бульдозерлер колдонулган. АКШ армиясы 20 сөөк батчу траншеяны казууга орто эсеп менен 1 саат 15 мүнөт убакыт сарптаган. Бул машыгуулардын кийинки этабы 2027-жылдын жаз айларында өтөөрү айтылган.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү