Ысык-Көлдө «КамАЗ» арашан породасындагы койлорду сүзүп өлтүрдү
Zobolo — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кескен-Бел тилкесинде жол кырсыгы катталды.
Маалыматка караганда, кырсык 2026-жылдын 26-октябрында саат 16:20 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 69-чакырымында орун алган. Анда цемент жүктөгөн оор жүк ташуучу «КамАЗ» унаасы жолдон өтүп бара жаткан койлорду сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 42 баш кой өлгөн. Алардын арасында арашан породасындагы койлор да бар экени айтылды.
Кийинчерэк облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын тургуну К.А. жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, жолдон айдалып өтүп жаткан малды сүзүп, окуя болгон жерде токтогон.
Бул факт Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү