27 Октябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.48 -0,01% EUR 97.86 -0,21% RUB 1.08 -0,15% KZT 0.1938 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте 7,3 кг баңгизат менен эки жигит кармалды

Бишкекте 7,3 кг баңгизат менен эки жигит кармалды

• 1 мүнөт окуу • 84 көрүү

Zobolo — Баш калаада жалпы салмагы 7,3 килограммды түзгөн синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген эки жаран колго түшүрүлдү. Ички иштер министрлигинин бизге берген маалыматына ылайык, алардын бири — чет өлкөлүк, экинчиси — Кыргызстандын жараны, экөө тең 26 жашта.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 6,3 килограмм мефедрон жана 1 килограмм чарс табылып алынган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, баңгизаттар сатылган учурда мыйзамсыз киреше 46 миллион сомду түзмөк.

Шектүүлөрдүн баңгизаттарды башка өлкөлөрдө таратууга тиешеси бар экени тууралуу да маалыматтар аныкталган. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүгүртүлүүдө.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар