27 Октябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.48 -0,01% EUR 97.86 -0,21% RUB 1.08 -0,15% KZT 0.1938 +0,29%
Соңку билдирүүлөр
Сууга агып бара жаткан баланы куткарган жигитке милиция ыраазычылык билдирди

Сууга агып бара жаткан баланы куткарган жигитке милиция ыраазычылык билдирди

• 1 мүнөт окуу • 14 көрүү

Zobolo —  Бишкекте канаада агып бара жаткан баланы куткарып калган Бекен Асанбековго милиция ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда сууга агып бара жаткан баланы байкап, артынан түшүп куткарып калган жигиттин видеосу тараган. Кийин милиция окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирген.

Көрсөткөн эрдиги үчүн борбор калаанын милициясы Бекен Асанбековго Ыраазычылык кат тапшырды.

Бул — жарандык жоопкерчиликтин, адамгерчиликтин жана кыйынчылыкка кабылган адамдарга жардам берүүгө даяр болуунун жаркын үлгүсү. Мындай аракеттер коомдо баалуулуктарды бекемдейт, — деп билдиришти милициядан.

Тартип сакчылары жарандарды айлана-чөйрөдөгү окуяларга кайдыгер карабоого чакырат. Ошол эле учурда өзгөчө кырдаалдарда алгач өз коопсуздугун эске алып, тез арада тиешелүү ыкчам кызматтарга кабарлоо зарылдыгын эскертет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар