3 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Зарима Игамбердиева өмүрү кыйылган курбусунун оор тагдыры менен бөлүштү
Зарима Игамбердиева

Зарима Игамбердиева өмүрү кыйылган курбусунун оор тагдыры менен бөлүштү

• 4 мүнөт окуу • 31 көрүү

Zobolo — Психолог, фейсбук тармагынын активдүү колдонуучусу Зарима Игамбердиева курбусунун оор тагыры менен бөлүштү. Эмесе, макалага назар салыңыз:

Кечээ бир келиндин өз жанын кыйганы тууралуу кабарды угуп, курбу кызым Кымбат эсиме түштү... Жалындап жүргөн жаш чагыбыз. Кымбат жаңыдан мектепке мугалим болуп орношкон кези эле. Ата-энеси билимдүү, экөө тең жогорку окуу жайда сабак беришчү. Кымбат үйдүн улуусу, жалгыз кызы жана эки иниси бар эле.

Өзү шайыр мүнөздүү, идеяга бай, бир нерсени ойлоп таап, ишке ашырууга жөндөмдүү, дайыма каткырып күлүп жүргөн кыз болчу. Бир ишти баштаса, жан-дили менен киришчү. Ар бир адам менен чын жүрөктөн баарлашып, куулук-шумдугу жок, табиятынан жөнөкөй, позитивдүү жан эле. Наалып, кабагын салганды жактыра берчү эмес.

Мектепке жумушка кирери менен окуучуларын сүйүп, жаңы ыкмалар менен иштеп, бат эле ата-энелер жана мугалимдер тарабынан мактоого татыды. Турмушка чыгууга шашкан эмес, бирок бири-бирине жарашкан, жактырып жүргөн жигити бар эле.

Тилекке каршы, жүрөктү өйүткөн оор күндөр ушундан кийин башталды. Ал убакта да бүгүнкүдөй ушак бат тарачу. Кимдир бирөөлөр жигити тууралуу ата-энесине жаман пикир айтып коюшат. Ушакка ишенген ата-энеси: “Бул балага турмушка чыкпайсың, бизди уят кыласың”, — деп кескин каршы чыгышат. Кызы канча ирет жалбарып, ыйлап, макулдугун сураса да көнбөй коюшат.

Каршылыктарга карабай, жаштар сүйүүсүн уланта беришет. Бирок кызга көзөмөл катуу күчөйт. Бир күнү таарынып, үйдөн чыгып кетет. Кийин билсе, ал жигити менен эмес, тааныш эжесинин үйүндө түнөптүр.

Ушул окуядан соң ата-энеси “кызыбыз жаман жолго түшүп кетсе сөз тиет” деп чочуркап, туугандарынын сунушу менен алыстан көз артып жүргөн башка жигитке качырып кетүүгө жол берип коюшат. Артынан жеңелери кууп барып, кызынын "отурбайм, алып кеткилечи" деп суранганына карабай: “Кеткенге болбойт, таш түшкөн жер оор болот”, — деп күч менен отургузуп кетишет. Ата-энеси муну менен кызы үчүн «туура чечим» кабыл алдык деп ойлошот.

Бул маалымат Кымбаттын сүйгөн жигитине оор сокку болот. Жигит моралдык жактан кыйналып, өзүн колго ала албай, ичкиликке берилип кетет.

Кымбат болсо келиндик милдетин аткарып, барган жерине көнүүгө аракет жасайт. Бирок сүйгөн кесиби — мугалимдик менен алектенүүгө жол беришпейт. Арадан жети-сегиз ай өткөн соң кызды төркүлөтүп келишет. Ата-энеси “кызым тынып калды” деп кубанып, кымбат баалуу кийимдерди кийгизип, «соороттук» деп ойлошот.

Ошол күнү мен Кымбат менен сүйлөштүм. Бирок анын мурунку жалындаган көздөрү өчүп калган эле. Жүзүндө терең кайгы, шайыр мүнөзү жоголуп, ичиндеги санаадан чыга албай жаткандай көрүндү. “Баары жакшыбы?” десем, “ооба, жакшы” деп гана жооп берди. Бирок ички дүйнөсү чүнчүп, кыйналып жатканын жүзүнөн эле байкалып турчу.

Төркүлөп келген күнү апасын кучактап: “Апа, суранам, мени алып калгылачы, мен жашай албайм, мени кайра жибербеңиздер...” — деп кайра-кайра жалбарып ыйлаган экен. Бирок апасы: “Сени алып калсак, эл эмне дейт, кызым? Шерменде болобуз го. Жашоо оңой эмес, турмушка ушинтип бышасың”, — деп, кызын кудаларына кошуп узатып жиберет.

Эх, арман дүйнө! Ошол күнү апакеси кызын кайра кайтып келбес сапарга узатып жатканын, акыркы жолу тирүү көрүп аткансын кайдан билсин...

Бир жумадан кийин Кымбаттын асынып каза болгону тууралуу суук кабар келет.

Ошондогу эненин кайгысын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Жүрөгү жарылып кетейин дегени шексиз. "Кызымды өлүмгө өз колум менен узаттым" деп, өзүн кечире албаган апасы катуу ооруп, кыска убакыттын ичинде арыктап кетет. Эми "эл эмне дейт" деген коркунучу, кур намысы, аброю да апасын соорото албайт. Баалуу туткан ойлорунун бири да кызын кайтарып бербеди.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин гана ачуу чындык ачыкка чыгат. Көрсө, Кымбат баргандан кийин эки ай өтпөй эле күйөөсү кол көтөрүп, кайын журту катуу басынтып, моралдык кысым көрсөтө баштаган экен. Үйдө бир башка, элдин алдында башкача мамиле кылышкандыктан, кыздын сөзүнө эч ким ишенген эмес. Ата-энесине айтса: “Келбе, жаша”, — дейт. Күйөө тарап: “Бар, кет жогол, уулума башка аял алып берем”, — деп кордошот. Эки жака тең сыйрыма батпаганынан, жан дүйнөсү катуу жетимсиреп, ушул кадамга барган экен.

Кымбаттын сүйгөн жигити да бул кайгыны көтөргөн жок. Башкага үйлөнсө да бактылуу боло албай, көп кайгырып, акыры ал да бу дүйнө менен кош айтышты.

Кээде ата-энелер балдардын сезимдери менен эсептешпестен, «туура чечим кабыл алдык» деп ойлойбуз. Бирок «эл эмне дейт» деген ойду, кур намысты тоюндуруу максатында коомдук пикирден корккондо, баланын тагдырын талкалап коюу түбү бир кайгыга алып келет тура. Кымбат бүгүн тирүү болгондо, ал сөзсүз жогорку деңгээлде эл үчүн кызмат кылган мыкты агартуучулардын катарын толотмок.

Эне байкуш кантсин?! Күнөөлөп сүйлөгөндөн айбыгасың. Ал кызына «жакшылык кылдым, бактысын таап бердим» деп ойлогон. Бирок Кымбатты өмүр бою жоготуп алары эч оюна да келген эмес. Бул 26 жыл мурун болуп өткөн окуя эле...

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар