30 Октябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Мадумаровду катуу кыйноого алып, сабап жатышабы?

Мадумаровду катуу кыйноого алып, сабап жатышабы?

• 1 мүнөт окуу • 817 көрүү

Zobolo — Ички иштер министрлиги (ИИМ) саясатчы Адахан Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу соцтармактарда тараган маалыматтардын чындыкка дал келбей турганын билдирип, коңгуроо какты.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул кабарлар боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында саясатчыга карата эч кандай кол салуу же укукка каршы аракеттер болбогону аныкталды.

Ошондой эле ИИМ жарандарды жана социалдык тармактын колдонуучуларын жалган маалыматтарды таратпоого, коомчулукту адаштырбоого жана ар кандай кабарларды расмий булактардан гана текшерип чыгууга чакырды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар