Интернетке толук көзөмөл орнойбу? Так жообу айтылды
Zobolo — Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстанда интернетке толук көзөмөл орнотуу сунушталганы тууралуу тараган маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ведомствонун төрагасы Кайрат Маматов «Биринчи радионун» эфиринде сөз кылды.
Сунушталган чаралар мыйзамсыз кумар оюн сайттарын гана бөгөттөөгө жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө байланышкан төлөмдөрдү токтотууга багытталган. Соцтармактарга, мессенжерлерге жана жаңылык сайттарына кирүүнү чектөө, жеке кат алышууларды көзөмөлдөө же сөз эркиндигин чектөө каралган эмес, — деди Маматов.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө мыйзамсыз иштеген ири букмекердик платформалардын биринин эле ай сайын Кыргызстандагы активдүү колдонуучуларынын саны 40 миңден ашат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү