30 Октябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди

Залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди

• 1 мүнөт окуу • 46 көрүү

Zobolo — Манасчы Дөөлөт Сыдыков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин колдоосу жана Манас театры менен биргеликте баш калаада залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чара өткөнүн билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуу «Манас» эпосу даңазаланып, Мамбет Чокмор уулунун өмүр жолу, манасчылык өнөрү жана кыргыз руханий дүйнөсүнө кошкон баа жеткис салымы эскерилди.

Дөөлөт Сыдыков өз билдирүүсүндө: «Мамбет Чокмор уулу Манастын тарыхын муундан муунга жеткирген, улуттун уңгусун улап, элдин эсинде өчпөс из калтырган залкарлардын бири. Анын өмүр жолу бүгүнкү муун үчүн чоң сабак, кийинки муун үчүн баа жеткис мурас», — деп белгилеп, улуттук баалуулуктарды ардактоо атуулдук милдет экенин айтып өттү.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар