Мээрим Жуманазарова Астанадагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды
Zobolo — Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбаны Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалдык беттеште Кытайдын балбаны Жиа Лонг менен кез келип, татаал кармашта 3:4 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.
Ал финалга чейинки беттештерде ишенимдүү күрөш көрсөтүп, күйөрмандарды сүйүнткөн эле:
-
1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңген;
-
Чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде уткан;
-
Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде тизе бүктүрүп, финалга ишенимдүү жолдомо алган.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү