30 Октябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Унаа жана батир ойноткондорду түрмө күтөт

Унаа жана батир ойноткондорду түрмө күтөт

• 1 мүнөт окуу • 90 көрүү

Zobolo — Социалдык тармактар аркылуу уруксатсыз унаа жана батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде сөз кылды.

Анын айтымында, учурда мындай мыйзамсыз аракеттер үчүн административдик гана жаза каралган. Эми жоопкерчиликти күчөтүп, мыйзам бузгандардын мүлкүн конфискациялоо чарасын киргизүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды. Аны ноябрь же декабрь айынын аягына чейин кабыл алуу күтүлүүдө.

Кайрат Маматов белгилегендей, бир нече аккаунтка катталганы үчүн унаа же башка баалуу белектерди утуп алууну убадалаган гив-оюндар (giveaway) да толугу менен мыйзамсыз деп эсептелет.

Мыйзамга ылайык, лотереяларды мамлекеттик органдар, Мамлекеттик лотерея компаниясы жана тиешелүү түрдө Финкөзөмөлдүн уруксатын алган ишкерлер гана өткөрүүгө укуктуу.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар