Кыргызстанда адам өлтүрүү жана зордуктоо фактылары көбөйдү
Zobolo — Кыргызстанда 2026-жылдын январь – сентябрь айларында 27,4 миң кылмыш катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайызга көп. Бул тууралуу Башкы прокуратурага шилтеме берип Улуттук статистика комитети билдирди.
Катталган кылмыштардын жалпы санынын 3,939у оор жана өзгөчө оор кылмыштар категориясына кирет (1,6 пайызга көбөйгөн). Жеке адамга каршы кылмыштар 3,2 пайызга өскөн (3,331 кылмыш). Анын ичинен адам өлтүрүү 14,2 пайызга, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 9,6 пайызга, ал эми зордуктоо 8,7 пайызга көбөйгөн. Муну менен катар ден соолукка оор зыян келтирүү 6,6 пайызга азайган.
Баардык кылмыштардын 70 пайыздан ашыгын менчикке каршы укук бузуулар түздү (19,311 кылмыш, 11,8 пайызга өскөн). Ал эми баңгизаттар менен байланышкан кылмыштар 18,5 пайызга азайган (451 кылмыш). Коомдук жайларда 3,617 кылмыш катталып, алардын басымдуу бөлүгүн уурулук (41,6%) жана бейбаштык (11%) түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында кылмыш жасаган 17,7 миң адам аныкталып, алардын 13,8 пайызын аялдар, 4,3 пайызын жашы жете электер түзсө, 65 пайызы эч жерде иштебегендер жана окубагандар болгон.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү