Эртең аба ырайы кандай болот? Айрым аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт
Zobolo — Эртең, 30-октябрда республиканын айрым аймактарында аба ырайы өзгөрүп, жаан-чачын күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына караганда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Ал эми күндүз Ысык-Көл менен Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй жана Ош облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
-
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -3…+2°, күндүз 12…17° жылуу;
-
Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -3…+2°, күндүз 10…15° жылуу;
-
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 3…8°, күндүз 16…21° жылуу;
-
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 0…5°, күндүз 10…15° жылуу;
-
Нарын облусунда: түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 10…15° жылуу.
Бишкек шаарында: Эртең борбор калакта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2° жылуу, ал эми күндүз 13…15° жылуу болоору болжолдонууда.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү