Жээнбек Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты
Zobolo — Бүгүн, 29-октябрда Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алдында өткөн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулап, мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталуучу документтердин долбоорлорун карап чыгышты.
Өз сөзүндө министр Кулубаев түрк тарапка иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптешин улуттук майрамы, тактап айтканда Республика күнү менен куттуктады.
Министр ТМУнун институционалдык потенциалын чыңдоонун жана түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо ротация принцибин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз тарап Уюмду мындан ары да чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экенин ырастады.
Жыйындын жыйынтыгында министрлер Мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна киргизилүүчү чечимдердин долбоорлорун карап чыгып, жактырышты.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү