28 Октябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.47 -0,01% EUR 97.47 -0,40% RUB 1.09 +0,27% KZT 0.1917 -1,13%
Соңку билдирүүлөр
Шайлоодо чыныгы атаандаштык болобу? Президенттин жообу

Шайлоодо чыныгы атаандаштык болобу? Президенттин жообу

• 1 мүнөт окуу • 105 көрүү

Zobolo — Мамлекет башчысы Садыр Жапаров super.kg маалымат сайтына берген маегинде алдыдагы президенттик шайлоонун атаандаштык деңгээлин жана олуттуу талапкерлердин чыгуу же чыкпоо маселесин баалап берди.

Маек учурунда журналисттин: «Алдыдагы президенттик шайлоонун атаандаштык деңгээлин кандай баалайсыз? Азырынча сизге олуттуу атаандаш боло турган талапкерлер дээрлик көрүнбөйт. Мындай шартта шайлоо чыныгы саясий атаандаштык менен өтөт деп ишенесизби?» — деген суроосуна Президент төмөнкүдөй жооп кайтарды:

Азырынча талапкерлердин катталуусу бүтө элек да. 13-ноябрда бүтсө керек эле. Ага чейин бир далай талапкер катталат болуш керек. Мен ар бир талапкер олуттуу атаандаш болот деп ойлойм.

Ошондой эле мамлекет башчысы элдик макалды мисал келтирип, текеберликке жол бербөө керектигин баса белгиледи:

Кыргызда “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген жакшы накыл сөз бар. Ошондуктан “сизге олуттуу атаандаш жок” деген сурооңузга “ии, чын эле мен эле экенмин” деп текеберлик кылбашым керек. Олуттуу атаандаштар сөзсүз чыгат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар