Таалайбек Сарыбашов мектептердин жанында сапатсыз таттууларды сатууга тыюу салууну сунуштады
Zobolo — Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов мектептердин айланасында сатылып жаткан арзан жана зыяндуу таттуулар балдардын ден соолугуна чоң коркунуч жаратып жатканын билдирди.
Анын айтымында, 10–15 сомдук сагыз, чупа-чупс жана балмуздак сыяктуу азыктардан улам балдардын тиштери бузулуп, саламаттыгы начарлоодо. Депутат балдардын ден соолугуна азыртадан кам көрбөсөк, келечекте улуттук саламаттыкка олуттуу зыян келерин эскертип, мындай продукцияларды сатууга тез арада тыюу салуу зарылдыгын айтты. ошондой эле алыскы аймактардагы мектеп жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак-аштын сапатын тыкыр текшерүүнү сунуштады.
Бишкектеги №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова туура эмес тамактануунун кесепетинен өлкөдөгү балдардын дээрлик жарымында темир жетишсиздиги байкаларын билдирди. Мунун айынан аз кандуулук, бойдун өспөй калышы, семирүү пайда болуп, балдардын сабакка көңүл буруусу начарлайт. Адистер буга сапатсыз тамактар жана кыймылдын аздыгы себеп болорун белгилешет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү