Мэрия кызматкерлери бир отурганда бир койдун этин жешеби?
Zobolo — Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматкерлердин дисциплинасына жана коррупцияга каршы күрөшкө арналган кеңешме өткөрдү.
Жыйында калаа башчысы мэриянын жетекчилигине карата айтылган сындарга токтолуп, мыйзам бузган кызматкерлерди жаап-жашырбоо керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, эгер кылмыш же мыйзам бузуу фактылары аныкталса, канча адам болбосун жоопко тартылышы керек.
Ошондой эле жыйында кызматкерлердин биринин ишкерден «түшкү тамакка» деп 5 миң сом алганы катуу сынга алынды. Мэр муну коррупциянын жана негизсиз акча алуунун көрүнүшү катары баалап өттү.
Сиздер, ачка калдыңыздарбы? Түшкү тамакка акчаңыздар жетпей жатабы? Эгер ошондой болсо, тизме түзүңүздөр, анда акчаны өзүм берейин. Ишкерлер сиздерге түшкү тамакка 5 миң сомдон которушат экен. Бир отурганда бир койду жеп жатасыздарбы? — деди ачуусу келген Жунушалиев.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 44 материал боюнча тиешелүү иликтөө жана териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү