28 Октябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.47 -0,01% EUR 97.47 -0,40% RUB 1.09 +0,27% KZT 0.1917 -1,13%
Соңку билдирүүлөр
Бекешев СИЗОдо камактагыларды гимн ырдоого мажбурлашып, жазалап жатышканын билдирди

Бекешев СИЗОдо камактагыларды гимн ырдоого мажбурлашып, жазалап жатышканын билдирди

• 1 мүнөт окуу • 154 көрүү

Zobolo — Бишкектеги СИЗОлордо отургандарды күн сайын эртең менен мамлекеттик гимнди ырдоого мажбурлап, аткара албагандарды жазалап жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сөз кылды.

Анын айтымында, тергөө абагында отургандар кичинекей балдар эмес, бирок аларды күн сайын гимн ырдоого мажбурлап жатышат.

Биз гимнди сүйөбүз, бирок бул канчалык туура жана натыйжалуу? Жөн эле ырдашса бир жөн, ал жакта жазалар да бар: туура эмес ырдасаң же убагында келбей калсаң, кары кишилерди отжимание жасоого мажбурлашат. Ал курорт эмес экени түшүнүктүү, бирок ички тартип эрежелерин адамгерчиликтүү кылып түзүүнү суранам, — деди депутат.

Бекешев мындай чаралар кылмышкерлерди тарбиялабасын белгилеп, кайсы гана саясий курулуш болбосун каалаган адам СИЗОго же түрмөгө түшүп калышы мүмкүн экенин, андыктан ал жакта эң аз дегенде адамгерчиликтүү мамиле болушу керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев гимн ырдоо дисциплина жана патриоттук сезимди ойготуу максатында киргизилгенин, бирок аткарылбаганы үчүн эч кандай жаза каралбаганын жооп берди. Депутат муну четке кагып, эч ким арыз жазбаганы менен мындай фактылар бар экенин баса белгиледи.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар