УКМК баңгизат сатууга шектелген 7 адамды колго түшүрдү
Zobolo — КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды ири көлөмдө ташып келген делип, эл аралык эки топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабар беришти.
Билдирмеге караганда, аталган топтор Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кылмышка шектелген Кыргызстандын 7 жараны кармалды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык баңгизаты алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп кошумчаланат маалыматта.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү