«Ордуң түрмө болот дегем»: Президент Алексей Ширшовго кандай катуу шарт койгонун айтып берди
Zobolo — Мамлекет башчысы Садыр Жапаров super.kg маалымат сайтына берген кезектеги маегинде энергетика тармагындагы мурдагы чиновник Алексей Ширшовдун өлкөгө жүз миллиондогон доллар инвестиция салып, ар кандай социалдык долбоорлорго көмөктөшүп жатканынын себебин чечмелеп берди.
Маек учурунда журналисттин: «Ширшовдун энергетика тармагындагы мурдагы ишмердүүлүгү жана ага байланыштуу кылмыш иштери коомчулукка белгилүү. Бүгүн ал жүз миллиондогон долларды эмнеге бекер берип жатат? Мунун артында кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы деген ой келип жатат, бизге...» — деген суроосуна Президент анын мурдагыдай жеке финансылык кызыкчылыгы калбаганын баса белгиледи.
Мурдагыдай жеке финансылык кызыкчылыгы жок. Менин пикиримде, 11 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келгенине эки дүйнө ыраазы. Мен да 4 жыл чет өлкөдө жашадым. Мекендин баркын жакшы билем. Миллиардер болсоң да, өз Мекениңе бир күнгө келе албасаң, миллиарддарыңдын деле кызыгы жок болуп калат, — деп жооп берди Садыр Жапаров.
Ошондой эле Президент Ширшов менен болгон жеке жолугушуусун эске салып, ага катуу талап коюлганын айтып берди:
Мен ага мындай дегем: "Силер 2005–2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы деле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмө болот" дегем. Ал "Мен жардам гана берем" деп сөз берип кеткен. Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти.
Мамлекет башчысы Алексей Ширшов буга чейин да бир топ жардамдарды бергенин эске салып, соңку кадамдарына токтолду:
Соңку ирет социалдык программа экен деп 10 күн мурда МИКке (Мамлекеттик ипотекалык компания) 100 миллион доллар он жылга, үстөк пайызы жок насыя берди. Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим. Негизи эле, республика боюнча кайсы тармакка каражат бөлүп бербейин, түштүк менен түндүккө бирдей бөлүп келе жатабыз. Эки регион тең бирдей өнүгүшү керек. Анткени калкыбыздын жарымы түштүктө болсо, жарымы түндүктө. Өткөндө эл менен жолугушууда айтканымдай эле, он жылдан кийин бул каражат көп деле акча болбой калат. Инфляция деген бар. Эң негизгиси проценти жок.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү