28 Октябрь Бишкек +8°
Курстар USD 87.47 -0,01% EUR 97.47 -0,40% RUB 1.09 +0,27% KZT 0.1917 -1,13%
Соңку билдирүүлөр
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

• 1 мүнөт окуу • 126 көрүү

Zobolo — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Маалыматка ылайык, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 12-ноябрга чейин уланып, андан соң каттоо башталмакчы. Жапыкеев шайлоого ат салышуу ниетин билдирген үчүнчү талапкер болду. Буга чейин Аймен Касенов менен Азамат Эсенбеков да арыз беришкен.

49 жаштагы Сыймык Жапыкеев Балыкчы шаарында туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун прокуратура органдарында баштап, 2020-жылы Финполдун төрагасы болуп дайындалган. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун прокурору болуп да иштеген.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар