29 Октябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.43 -0,04% EUR 97.45 -0,02% RUB 1.09 -0,01% KZT 0.1918 +0,10%
Соңку билдирүүлөр
Садыр ЖапаровТүрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

Садыр ЖапаровТүрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

• 1 мүнөт окуу • 71 көрүү

Zobolo — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 29–30-октябрь күндөрү Анкара шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат саясаты кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышып, анда аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Саммиттин жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар