30 Октябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Кыргыз театрына 100 жыл: Барпы атындагы Жалал-Абад театры Бишкекте маданий майрам тартуулады

Кыргыз театрына 100 жыл: Барпы атындагы Жалал-Абад театры Бишкекте маданий майрам тартуулады

• 1 мүнөт окуу • 29 көрүү

Zobolo — Кечээ, 28-октябрь күнү кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгынын урматына чоң маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдындагы театралдык паркта Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын концерттик программасы көрүүчүлөрдүн сыйына тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө түштүктөн келген өнөрпоздор өздөрүнүн жогорку чыгармачылык чеберчилигин көрсөтүшүп, улуттук театр искусствосунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн даңазалашты. Жандуу музыка, мазмундуу номерлер жана артисттердин чеберчилиги борбор калаанын тургундары менен конокторуна көтөрүңкү маанай тартуулап, унутулгус сезимдерди калтырды.

Кылым карыткан кыргыз театрынын юбилейлик жылына карата уюштурулган мындай маданий иш-чаралар аймактар ортосундагы чыгармачылык байланышты бекемдеп, көрүүчүлөрдү улуттук искусствого дагы да жакындатууда.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар