30 Октябрь Бишкек +11°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Айгүл Жапарова Анкарадагы жыйында үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн көтөрдү

Айгүл Жапарова Анкарадагы жыйында үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн көтөрдү

• 1 мүнөт окуу • 112 көрүү

Zobolo — Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча жыйынына катышып, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө өзгөчө токтолду.

Ал зомбулукка коомчулуктун кайдыгер мамилеси кескин түрдө жол берилгис экенин белгилеп, жабыркаган аялдар менен кыздарга өз убагында укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Келгиле, ар бир аял өз үйүндө өзүн коопсуз сезген, ар бир бала мээримге бөлөнүп чоңойгон коомду биргелешип түзөлү, — деди Айгүл Жапарова.

Белгилей кетсек, ушул тапта Түркияда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын саммити өтүп жатат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар