ИИМ коллегиясында үй-бүлөлүк зомбулук, интернет-алдамчылык жана баңгизатка каршы күрөш маселелери каралды
Zobolo — Бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлигинде министр Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өтүп, анда 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабар берди.
Жыйынга министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты. Күн тартибинде коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын арыз-даттанууларын жеринде чечүү, миграция маселелери жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу каралды.
Коллегиянын жүрүшүндө министр санариптештирүү багытын, анын ичинде видеокөзөмөл системаларын жайылтууну улантуу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, интернет аркылуу жасалган алдамчылыкка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү күчөтүү тапшырылды.
Жыйынтын соңунда Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар артыкчылыктуу милдеттерди койду.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү