Бишкекте "Тазалыктын" автоунааларынан чыккан зыяндуу түтүн нормадан ашып, айыпка жыгылды
Zobolo — Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын автоунааларынан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген экологиялык ченемдерден ашканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан төрт протокол түзүлүп, ишканага 92 миң сом көлөмүндө айып салынды.
Ошондой эле министрлик абаны булгаган транспорт каражаттарын тез арада оңдоо жана бузууларды жоюу боюнча тиешелүү эскертмелерди берди.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бекешев СИЗОдо камактагыларды гимн ырдоого мажбурлашып, жазалап жатышканын билдирди
Zobolo
677
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү