Бишкектиктер 7-ноябрь күнү кимчи жеп, корей улуттук кийимдерин кийип көрө алышат
Zobolo — 7-ноябрь күнү саат 11:00дөн 16:00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында «Кимчи» фестивалы өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен уюштурууда.
Фестивалдын максаты борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо.
Иш-чаранын алкагында коноктор корей ашканасынын салттуу тамактарынын бири болгон кимчинин даамын татып көрүп, аны даярдоо боюнча мастер-класска катыша алышат.
Ошондой эле, корей элинин салттуу кийими — ханбокту кийип көрүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун аталган фестивалга катышууга чакырат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү