29 Октябрь Бишкек +12°
Курстар USD 87.43 -0,04% EUR 97.45 -0,02% RUB 1.09 -0,01% KZT 0.1918 +0,10%
Соңку билдирүүлөр
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу кайсы каттам аркылуу өтөрү белгилүү болду

Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу кайсы каттам аркылуу өтөрү белгилүү болду

• 1 мүнөт окуу • 112 көрүү

Zobolo — Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат.

Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат.

Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар