3 Ноябрь Бишкек +16°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
«ВКонтакте» компаниясы Кыргызстанда расмий түрдө салыктык каттоодон өттү

«ВКонтакте» компаниясы Кыргызстанда расмий түрдө салыктык каттоодон өттү

• 1 мүнөт окуу • 52 көрүү

Zobolo — «ВКонтакте» тиркемесине ээлик кылган «ВК» компаниясы Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик ири компания каттоодон өтүп гана тим болбостон, тиешелүү отчетторду тапшырып жана бардык салыктык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткара баштады.

Чет өлкөлүк санариптик компаниялардын салыктык каттоодон өтүшү жана салыктарды төлөшү катталган өлкөсүнө карабастан, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарды камсыз кылат, — деп айтылат билдирмеде.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар